Поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн «Кыргыз темир жолу» МИ тарабынан 3.5 чакырымга темир-бетон шпалдар орнотулду. Бул тууралуу ишкананын жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиев билдирди.
Мисалы, өткөн жылы темир жолдо күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери жүргүзүлүп, Кант-Ивановка тилкесинин 3811 чм, 3817 чм, 3818 чм, 3819 чм Фоссло бекиткичтери менен эскилиги жеткен жыгач шпалдар темир-бетон шпалдарына алмаштырылган. Аткарылган жумуш 3.5 чм аралыкты камтыган.
Эске салсак, 2021-жылы «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы өз каражатынын эсебинен 20 миң даана темир-бетон шпалдарын сатып алган.