2021-жылы Улуттук банктын кирешеси 11 млрд сомго жакындады

2021-жылы Улуттук банктын кирешеси 11 млрд сомго жакындады

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешеси 10.9 млрд сомду түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 2.4 млрд сомго көп. Мындай маалыматтар Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Улуттук банктын активдери 312.4 млрд сомду (2020-жылга карата +37.5 млрд сом) түздү. Милдеттенмелер 251.1 млрд сом (+47.8 млрд) деңгээлинде түзүлгөн. Жөнгө салуучунун жалпы капиталы 61.3 млрд сомду түздү.

  • Белгилей кетсек, 2020-жылы көзөмөлдөөчү орган 8.5 млрд сом киреше тапкан.

Эске салсак, акыркы жылдары Улуттук банк бюджетке кирешени мөөнөтүнөн мурда эки жолу которгон. Биринчи жолу пайданын бир бөлүгүн (2 млрд сом) мөөнөтүнөн мурда которуу 2020-жылдын декабрь айында COVID-19 пандемиясына жана республикалык бюджеттин тартыштыгына байланыштуу ишке ашырылган.

2021-жылы республикада кургакчылыкка жана суунун аз болушуна, ошондой эле коронавирустун кайталануусуна байланыштуу жагымсыз кырдаал түзүлгөндүгүн эске алуу менен 2021-жылдын август айында Улуттук банктын кирешеси да жарым-жартылай республикалык бюджетке которулган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери