Салык кызматы 80 миң ишкердик субъектти санариптик картасына киргизди

Салык кызматы 80 миң ишкердик субъектти санариптик картасына киргизди

Салык кызматы 80 миңден ашык ишкердик субъекттин маалыматтарын дислокациянын санариптик картасына киргизди. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы бир нече айдын аралыгында ишкердик субъекттердин дислокациясын тактоо боюнча масштабдуу иш-чаралардын жүрүшүндө 80 миң 387 субъекттин маалыматтарын санариптик картага киргизди.

Анын ичинен Бишкек шаарында – 42 миң 456, Ош шаарында – 21 миң 496, башка аймактарда – 16 миң 435 субъект.

Эске салсак, өткөн жылдын аягынан тарта Салык кызматы Бишкек, Ош шаарларында жана бир катар аймактарда ишкердик субъекттердин дислокациясынын электрондук базасын түзүү жана тактоо боюнча масштабдуу иш-чараларды баштаган.

Дислокациянын санариптик картасы «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында, салыктык башкарууну өркүндөтүү, аналитикалык иштерди жакшыртуу, ошондой эле салыктык каттоосуз жана салыктарды төлөбөстөн экономикалык иштерин жүргүзгөн субъекттерди аныктоо максатында түзүлүүдө.

Кызматкерлер жеринде электрондук дислокациянын системасы менен маалыматтарды салыштыруу аркылуу ишкер субъекттерди толук камтуу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө, ККМдин болушун жана колдонулушун жана башка ишкердикке уруксат берүүчү документтерин текшеришип, тиешелүү маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизишүүдө. Ошондой эле чектердин берилишине карата контролдук сатып алууларды өткөрүшүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери