Дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы башкаруусунан товарларды жашыруунун схемалары колдонгон.
«Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, Тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды», – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
- Эске салсак, Кубанычбеков бул кызматка дайындалган учурда «Silk Way» паркына жана дагы төрт компанияга ээлик кылган. «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамда кызмат адамдарына ишкердик менен алектенүүгө же чарбалык субъекттерди башкарууга катышууга тыюу салынганына карабастан, ошол кезде буга Министрлер Кабинетинде жана Президенттин Аппаратында да эч ким көңүл бурган эмес.