«Айыл Банктын» уставдык капиталын көбөйтүүгө (мамлекеттик үлүшү 100%) «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААК түзүлгөндүгүнө байланыштуу (100% мамлекеттин катышуусу менен) 100 млн сомго аз болот.
Банктын уставдык капиталын көбөйтүүгө республикалык бюджеттен 2.5 млрд сомдун ордуна 2.4 млрд сом жумшалат.
Буга байланыштуу, Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) маалыматына ылайык, уставдык капиталды көбөйтүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди өзгөртүү үчүн «Айыл Банк» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү зарылдыгы келип чыккан.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында «Айыл Банктын» уставдык капиталы бюджеттин эсебинен 2.5 млрд сомго көбөйтүлгөн болчу. Банктын уставдык капиталы 2021-жылдын аягында 5.5 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2022-жылы финансылык мекеменин уставдык капиталын 100 млн долларга чейин жеткирүү пландалууда.
Ошондой эле аталган банк быйыл айыл чарба секторун 200 млрд сомго дейре насыялоону көздөөдө.