2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтор Голд Компани» ЖАКтын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчетунда билдирди.
Бөлтүрүк былтыры жыл башынан бери компания 13.6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгонун, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөнүн, натыйжада, чегерүүлөр планы 150%га ашканын билдирди.
2021-жыл үчүн алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 млн долларды түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн доллар түшкөн.
Бирок жогоруда айтылган өлчөмдөгү алтын каякка сатылганы тууралуу эч кандай маалымат берилген жок. Эскерте кетсек, Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКнын ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салган болчу. «Кыргызалтын» камсыздоо талаптарын жоопкерчиликтүү аткарбагандыгы үчүн тизмеден чыгарылган. Ал эми «Кумтөрдүн» алтынын сатууга дал ушул «Кыргызалтын» ААКсы жооптуу.
Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко: «Кумтөр боюнча кырдаал барган сайын караңгы, түшүнүксүз болуп баратат. Алтын эч жерде сатылбайт, эки эсе көп кен казылып, бирок эки эсе аз алтын алынган, салыктар да аз төлөнгөн (алтын сатылбаса, салыкты кайдан төлөшкөнү белгисиз). Мындай шартта казынаны кантип толтурууга болот? – деп айткан эле.
Президент Садыр Жапаров канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экенин, учурда тараптар «КГК» компаниясын толугу менен КРга өткөрүп берүү тууралуу тынчтык келишимин талкуулап жатышканын билдирген эле.