2021-жылдын декабрында ЕАЭБнын мүчө мамлекеттеринин арасынан КРда инфляциянын эң жогорку деңгээли белгиленди. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.
2021-жылдын январь-декабрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) КРда экономиканын керектөө секторунда инфляциянын максималдуу деңгээли (11.2%) белгиленди. Ал эми Белоруссияда – 10%, Россияда жана Казакстанда – 8.4%, Арменияда – 7.7%ды түздү.
Мында өткөн жылда баалар жана тарифтер эң көп (13.3%га) азык-түлүк товарларга (айрыкча алкоголдук ичимдиктери жана тамеки азыктары кымбаттаган) өстү.
2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалган.
Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (14.9%) Жалал-Абад облусунда катталган. Ал жерде азык-түлүк эмес товарлардын баасы (20.1%га) жогору экени аныкталган.