Бишкекте металлургиялык комбинат, ошондой эле тери иштетүүчү жана булгаары буюмдарын чыгарчу завод ачылат. Бул тууралуу «Бишкек» ЭЭАнын басма сөз кызматы билдирди.
АЭАнын өздөштүрүлбөгөн жерлеринде жылдык кирешеси 1 млн долларлык заводдорду жана фабрикаларды ачкан инвесторлор үчүн ижара баасы объектти куруу аяктаганга чейин бир жылга бекитилген ижара акысынын 1% өлчөмүндө белгиленет.
«Натыйжада эки ири инвестор тартылды. «Бишкек» ЭЭАнын жаңы жобосунун долбоорунун жана өндүрүш үчүн аймакты ижарага берүү үчүн жакшы шарттарды түзүүнүн аркасында жакында эки ишкана ачылат», – деп билдирди басма сөз кызматы.