Асман шаарына казынадан бир тыйын коротпойбуз. Корото турган акчабыз да жок. Бул шаарга болжол менен 20 млрд доллардын тегерегинде акча кетет экен. Ошондуктан биз өзүбүздүн ички жана тышкы инвесторлорго жерлерди бөлүп беребиз. Алар салып, өздөрү сатып, пайдасын өздөрү көрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «ВБ» редакциясына берген маегинде билдирди.
Президенттин айтымында, мамлекет болгону 10%га чейин квартира менен алат жана аны ипотекалык компания аркылуу элге берүүнү пландап жатат.
«Эгер мамлекетибизде 20 млрд доллар акча болгондо өзүбүз салып, 10 жылдан кийин бирге бир кылып, 20 млрд доллар таза киреше чыгарып алмакпыз. Өзүбүз сала албагандан кийин, салабыз деп жаткан инвесторлорго берели да. Азыр генералдык план иштелип жатат. Ал деле 1-2 жылда араң бүтчүдөй. Ал шаар башталып кетсе, минимум 200 миң адамга жумушчу орун пайда болот. Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайндарын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай метод менен курулган», – деди Жапаров.
Мындан тышкары, президент Ат-Башыга салынбай калган логистикалык борбор тууралуу да сөз козгоп, убагында анын салынышына каршы болгонун, анткени бийлик тарабынан туура түшүндүрүү иши жүргүзүлбөгөндүгүн айтат.
«Толук изилдеп чыксам, бул долбоор биздин мамлекет үчүн, эл үчүн 100% пайдалуу долбоор болгон экен. Ал жерде ширеңкеден баштап электромобиль чыгарган заводдорго чейин салынмак экен. 25-30 миң жумушчу оруну түзүлмөк экен. Анан Ат-Башыга барып, эл менен жолугушуп түшүндүрүп айтып берсем, эл туура түшүндү да, салгыла деди. Азыр эми инвестор жок. Эл макул, инвестор каршы.
Асман шаары боюнча да ушундай болуп калбаш керек. Ат-Башы логистикалык борбору талкууланып жаткан убакта мен камакта жаттым эле. Мен деле эл тарап болуп каршы пикирде болчумун. Анткени бийлик элге толук түшүндүрүү иштерин жүргүзө алган эмес. Эгер толук түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө, эл деле туура түшүнүп, логистикалык борбор салынып калмак экен», – дейт Жапаров.