МСК тамеки жана алкоголдук продукцияга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду баштайт

МСК тамеки жана алкоголдук продукцияга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду баштайт

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январынан 1-июлуна чейин өлкөнүн аймагында милдеттүү же ыктыярдуу маркалоого тийиш болгон акциздик товарларга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрөөрүн мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, январь айынан баштап тамеки буюмдары боюнча, 1-февралдан тарта алкоголдук продукция боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.

Долбоорду Салык кызматы КРда маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору – «Альфа Телеком» ЖАК менен биргеликте ишке ашырат.

«Долбоор салык жол-жоболорун фискалдаштырууну киргизүүнүн алкагында акциз салыгын башкарууну өркүндөтөт жана жөнөкөйлөтөт, милдеттүү маркалоого тийиштүү акциздик товарларды өндүрүү жана/же импорттоо менен алектенген субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Мындан тышкары, долбоордун жүрүшүндө алкоголдук жана тамеки продукцияларына же алардын таңгагына идентификациялоо каражаттарын колдонуу аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмдери апробацияланат», – деп айтылат СКнын билдирүүсүндө.

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты «Текшер» системасынын www.teksher.kg сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлеринен алууга болот.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери