Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы казакстандык бизнес негизинен каржы-банк секторунда, тоо-кен, тамак-аш өнөр жайы, соода жана тейлөө жана байланыш тармактарында иш алып барат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казахстанская правда» басылмасына берген маегинде билдирген.
Садыр Жапаров маегинде казак-кыргыз кызматташтыгынын азыркы абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу айтып берген.
Президенттин айтымында, Казакстан КРнын негизги тышкы экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Пандемия башталгандан бери быйыл биринчи жолу эки тараптуу сооданын (900 млн доллар) жана түз казак инвестициясынын (38.7 млн доллар) өсүшү байкалган.
«Кыргыз-казак бизнес форумунда мен Казакстандын ири бизнесмендери менен жолугуп, аларды Кыргызстандын гидроэнергетикасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризм жана башка тармактарындагы кирешелүү долбоорлорго активдүү инвестициялоого чакырдым», – деген Жапаров.
Ошондой эле президент соодада жана бүтүндөй экономикада болгон потенциалдуу мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланылбай жаткандыгын белгилеп өттү.