Кыргызстанда жыл аягында инфляция эксперттер күткөндөн да жогору болду

Кыргызстанда жыл аягында инфляция эксперттер күткөндөн да жогору болду

Кыргызстанда жыл аягында инфляция эксперттер күткөндөн да жогору болуп чыкты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылы керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 11.2%ды түздү.

Тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 13.3%га, алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки 14.4%га, азык-түлүк эмес товарлар 9.7%га, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 7.1%га көтөрүлгөнү байкалган.

Белгилей кетсек, Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери инфляцияны 9.8% деңгээлинде болжолдошкон. Бирок, жыйынтыгында баалардын өсүшү Улуттук банктын күткөнүнө жакын болуп – 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу 2021-жылдын декабрь айында 11.5%ды түздү.

2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы  (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалган.

Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (14.9%) Жалал-Абад облусунда катталган. Ал жерде азык-түлүк эмес товарлардын баасы (20.1%га) жогору экени аныкталган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери