Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу токтоду

Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу токтоду

Кыргызстанда 11-октябрдан тарта 90 күнгө киргизилген көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу аяктаганын Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин берген маалыматы боюнча, учурда көмүрдүн баасы туруктуу, бааны мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде 460 сапарда 1801 соода түйүндөрү текшерилген.

Ишкерлерге бааны жогорулатпоо боюнча 546 билдирүү түшкөн, мыйзам бузууларды жоюу боюнча 197 буйрук жана 36 айып салынган.

Монополияга каршы орган көмүр базарына мониторинг улана бере тургандыгын белгиледи.

«Көмүр базары социалдык мааниге ээ, бирок ошол эле учурда рынокто Монополияга каршы орган тарабынан туруктуу экономикалык жана статистикалык мониторингдин зонасында үстөмдүк кылуучу субъектилер бар», – деп кошумчалады Монополияга каршы мамлекеттик кызмат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери