Декабрь айында аба ырайынын жылуу болгондугуна байланыштуу электр энергиясын керектөө дээрлик 329 млн кВт/саатка кыскарган. Мындай маалыматты «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын диспетчердик кызматы билдирди.
Кыргызстанда декабрь айында электр энергиясын керектөө 1 млрд 757 млн кВт/саатты түзсө, былтыр, 2020-жылдын декабрь айында сууктун кесепетинен 2 млрд 86 млн кВт/саат электр энергеиясы колдонулган.
Белгилей кетсек, ушундай эле көрүнүш ноябрь айында да байкалып, 2020-жылдын ноябрь айындагы 1 млрд 717 млн кВт/саатка салыштырмалуу жалпы керектелген электр энергиянын көлөмү 1 млрд 667.6 млн кВт/саатты түзгөн.