Кечээ, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.
Алгач депутаттар бирдиктүү комитет режиминде иш алып баруу менен сунушталган депутаттардын талапкерлигин карап, колдоого алышты. Андан соң сунушталган талапкерлерге жалпы жыйында добуш берилди.
Жыйынтыгында:
- ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Коргонбай уулу Жусупбек, Чыңгыз Ажыбаев жана Замирбек Мамасадыков шайланышты. Төрага – Медербек Алиев.
- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова жана Айбек Осмонов дайындалды. Төрага –Жанарбек Акаев.
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Миргуль Темирбаева жана Жаныбек Кыдыкбаев шайланды. Төрага – Аманкан Кенжебаев.
- Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басарлыгына Гүлкан Молдобекова, Айбек Маткеримов жана Аида Исатбек кызы дайындалды. Төрайым – Динара Ашимова.
- Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Мирлан Самыйкожо, Марат Мураталиев, Кундузбек Сулайманов шайланышты. Төрага – Азизбек Турсунбаев.
- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Эльдар Сулайманов шайланышты. Төрага –Бактыбек Сыдыков.
- Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Айсара Абдибаева, Өмурбек Бакиров, Дастан Бекешев дайындалышты. Төрага –Данияр Төлөнов.
- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Русланбек Жакишев, Искендер Матраимов жана Бакыт Тентишев шайланышты. Төрага – Сүйүнбек Өмүрзаков.