Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдагы керектөө бааларына талдоо жүргүзүп, эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаганын маалымдады.
Өткөн жылдын январь-декабрында (мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 11.2%ды түзгөн.
Ушул эле учурда тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 13.3%га, алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки 14.4%га, азык-түлүк эмес товарлар 9.7%га, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 7.1%га көтөрүлгөнү байкалган.
2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалган.
Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (14.9%) Жалал-Абад облусунда катталган. Ал жерде азык-түлүк эмес товарлардын баасы (20.1%га) жогору экени аныкталган.