Экономика министрлиги унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги бюджетти толтуруу максатында учурда Кыргызстанда тыюу салынган унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга акы төлөнүүчү уруксатты киргизүүнү сунуштап жатат.

Мындай демилгени Экономика министрлиги республикалык бюджетке салыктык эмес кирешелерди көбөйтүү максатында көтөрүп чыккан.

Министрликтин айтымында, акы төлөнүүчү уруксатты киргизүү унаа ээлерине мыйзамдуу түрдө унаанын айнектерин караңгылатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Башкармалык ошондой эле мисал катары өткөн жылдын 11 айында жол кайгуул кызматы айнекти караңгылатуу боюнча 2559 протокол түзгөнүн айтты.

Эгерде бул демилге жактырылса, тонировкалоого акы төлөнүүчү уруксаттын баасы Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют