Баткен районундагы кичи ГЭСтин курулушуна жеке инвестор 1 млн доллар инвестиция салды

Баткен районундагы кичи ГЭСтин курулушуна жеке инвестор 1 млн доллар инвестиция салды

Баткен облусунда кичи ГЭС курулуп жатат. Курулушка жеке инвестор 1 млн доллардан ашык каражат бөлгөндүгүн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдиргенин президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, ГЭС Кыштут айыл аймагын электр энергиясы менен камсыздамакчы.

Кичи ГЭСтин курулушу өткөн жылдын сентябрь айында башталып, ага 20 жумушчу тартылган. Иш жазга чейин бүтөрү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Энергетика министрлиги Кыргызстанда 48 кичи ГЭСти курууну пландап жатат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют