Бүгүн, 14-январда мэриянын имаратынын алдына «Арча-Бешик» конушунун тургундары жер тилкелеринин документтерин берүүнү талап кылышып, митингге чыгышканын kaktus.media билдирди.
56 жер тилкесинин ээлери «кызыл китептерди» берүүнү талап кылууда. Митингчилер жер тилкелерине 2005-жылдан бери ээлик кылып келгенин, жер тилкелерин саткан адамдардын колу коюлган протоколдор бар экенин айтышкан. Алардын айтымында, мамлекет кызматкерлери жоопкерчиликти бири-бирине төңкөп жатышат.
«Мэрия «Бишкек Башкыархитектурага баргыла» дейт, ал жактан бизди Мамлекеттик каттоого жиберишет, алар кайра жөнөтүшөт. Жер тилкелерибиздин документтери, каттоосу болбогондуктан, эч нерсеге укугубуз жок. Балдарыбызды да мектепке киргизе албай ушунча жылдан бери кыйналып келебиз», – деп нааразы болгон тургундар.