«Эйр Астана» авиакомпаниясы 12 – январдан тартып Нур-Султан – Бишкек – Нур-Султан жана 14-январдан баштап Алматы – Бишкек –Алматы багыттары боюнча авиакаттамдарды жандандырды.
Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады жана ал каттамдар менен билеттер боюнча бардык суроолор менен «Эйр Астана» авиакомпаниясына кайрылууну эскертет.
Ошондой эле «МЭА» ААК Казакстанга кирүү эрежелери өзгөртүлгөнүн билдирди. 2022-жылдын 15-январынан тартып Казакстанга кирүүдө, чет өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдүн бардыгында COVID-19 илдетине каршы жасалган ПЧР-тестинин терс жыйынтыгынын (акыркы 72 саат ичинде) маалымкаты болушу керек. Эреже 5 жашка чейинки балдарга колдонулбайт.
Маалымкат англис, орус же казак тилдеринде болушу зарыл. Эгерде ПЧР-тестинин маалымкаты жок болсо, анда аэропорттон учакка отурууга уруксат берилбейт.