Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 2.9 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.
Бул көрсөткүч 2020-жылдын январь-ноябрына салыштырганда 31.4%га өскөнүн көрсөтөт. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 30.4%га, импорттук келип түшүүлөр 31.7%га жогорулаган.
Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-августта Россияга (65.5%) жана Казакстанга (32%) туура келди.
КРнын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурдагы жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)