Республикада 6 жаңы калкты тейлөө борборлору ачылат

Республикада 6 жаңы калкты тейлөө борборлору ачылат

Кыргызстандын айылдарында жана кичи шаарларында алты жаңы калкты тейлөө борборун (КТБ) ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин, түзүмдөрдүн жетекчилеринин жана улук операторлордун катышуусу менен КТБлардын иш алып баруусу боюнча жыйынтыктоочу жыйында белгилүү болгон.

Мындай борборлор быйыл Ново-Павловка, Араван, Түп, Кызыл-Суу, Кеминде жана Кант шаарында пайда болот.

Жогоруда аталган жыйында 2022-жылга карата кызматтардын сапатын жогорулатуу жана спектрин кеңейтүү боюнча, ишмердикти контролдоо, КТБларга мониторинг жүргүзүү, операторлордун билим деңгээлдерин жогорулатуу боюнча милдеттер коюлган.

Ал эми бүгүнкү күндө республика боюнча бардыгы болуп жаңы форматтагы 31 КТБ жана Бишкек шаарында 3 мини КТБ иш алып барууда.

Ошондой эле 2021-жылдын жетишкендиктери катары төмөнкүлөр белгиленген:

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында кызмат көрсөтүү процессинде идентификациялоо үчүн Face ID тутуму ишке киргизилген
  • Биометрикалык жалпы жарандык паспорт берүүгө карата документтеди кабыл алуу жана тариздетүү башталган
  • Шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча БШК менен өз ара аракеттенишүү жүзөгө ашырылган
  • Республиканын бардык КТБларында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин кыймылсыз мүлк жана жер объекттери жөнүндө маалымат бөлүгүндө кызматтарын колдонууга мүмкүн болгон
  • 2021-жылдын сентябрь айынан тарта КТБнын операторлору проблемалуу ИЖНдерди тариздетүүгө карата билдирмелерди кабыл алууга киришишип, алар андан ары иштеп чыгууга жөнөтүп жатышат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери