Кыргызстанда 2014-жылдан бери 35 ун чыгаруучу ишкана жабылган

Кыргызстанда 2014-жылдан бери 35 ун чыгаруучу ишкана жабылган

Акыркы жети жылдын ичинде Кыргызстанда ун чыгаруучу ишканалардын жарымынан көбү жабылды. Бул тууралуу 12-декабрда маалымат жыйынында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов билдирди.

«Базарыбыз контрабандага айланды, продукциялар бейрасмий түрдө рынокко кирип, натыйжада, заводдор жабылды. 2014-жылы бизде 65 завод болсо, 2020-жылы анын отузу гана калды», – деди ал.

Жунушовдун айтымында, 2020-жылы карантин учурунда жалпысынан жети гана завод иштеген. «Керектүү азыктар дефицит болуп, кырдаалдан араң чыктык», – деди Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти.

«Бүгүнкү күндө Министрлер кабинети өткөн жылдын август айында чийки затты ташып келүүдө КНСтин ставкасын нөлгө түшүргөнүнүн аркасында өлкө боюнча 27 завод иштеп жатат. Жумуш орундарын калыбына келтирдик, ун, жем өндүрүүнү көбөйттүк. Сентябрдан бери ун 3%га гана кымбаттады», – деп кошумчалады бирикменин жетекчиси.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери