Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Казакстанга кеткен аскерлер эртең, 14-январда кайтып келет. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, аскерлер өз унаалары менен «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна келип, Токмок шаарындагы туруктуу жайгаша турган жайга барышат.
Эскерте кетсек, Кыргызстандан Казакстанга жалпысынан «Скорпион» бөлүмүнөн 150 аскер кызматкери, сегиз бронтехника жана 11 аскердик техника жөнөтүлгөн.