Казакстан бааны турукташтыруу үчүн алты айга бодо малды жана майда малды экспорттоого тыюу салды. Ушундай эле чектөө үч айлык мөөнөткө картошка менен сабизди экспорттоого да киргизилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
«Өлкөдөгү бааны турукташтыруу максатында социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына, тагыраак айтканда, анын ичинде уй, кой сыяктуу бодо малдарды экспорттоого 6 айга, картошка менен сабизге 3 айга сыртка чыгарууга тыюу салынды», – деп айтылат маалыматта.