Бишкек «кызыл зонага» кирди — СOVID-19 инфекциясы борбордо жайылууда

Бишкек «кызыл зонага» кирди — СOVID-19 инфекциясы борбордо жайылууда

Бишкек шаарында бир суткада 632 жаңы коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ бул сан 465 жаңы учурга жетип, акыркы беш айдагы эң жогорку көрсөткүч болгон эле. Кошумчалай кетсек, Саламаттыкты сактоо министри Omicron штаммы табылганы тууралуу маалыматты ЖМКларга тастыктаган.

Ал эми Эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Султан Суранбаев «Марал» радиосуна Бишкек «кызыл зонага» киргенин билдирди.

«Кечээ 465 учур катталса, бүгүн эртең мененки маалымат боюнча 742 учур катталып, алардын 730у лабораториялык жактан такталып жатат. Бул ноябрь-декабрь айларында эле күтүлүп жаткан. Бирок оору январь ичинде жогорку деңгээлде катталып жатат.

Биз ар мезгил сайын үлгүлөрдү алып, Британияга, Россияга жөнөтүп турабыз жана параллелдүү түрдө өзүбүздүн вирусологиялык лабораториябызда Фтизиатрия борборунда да изилдөөлөр жүргүзүлөт. Анда коронавирустун кайсы штаммы жүрүп жатканын аныктоо  жана өлкөдө кайсы вирус жайылып жатканын байкоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Кечээки 165 үлгүнүн ичинен «омикрон» оорусу эки оорулуудан табылды. Бул Бишкек жана Чүй облусунун жарандары», – деди ал.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 118 колл-борборунун иштөө мөөнөтү эртең мененки саат 8:00дөн кечки 22:00гө чейин узартылып, керек болсо линиялардын саны да көбөйтүлөт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери