2022-жылы «Айыл банктын» уставдык капиталын 100 млн долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Айыл банк» ААКтын өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
2021-жылы Министрлер кабинети банкты 2.5 млрд сомго капиталдаштыруу чечимин кабыл алган. Банктын уставдык капиталы 2021-жылдын аягында 5.5 млрд сомду түзгөн. Ал эми Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2022-жылы уставдык капиталды 100 млн долларга чейин жеткирүү пландалууда.
Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысына учурдагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана финансы мекемесин өнүктүрүү келечеги тууралуу маалымат берилип, айыл чарба секторун 200 млрд сомго дейре насыялоо боюнча банкты 2026-жылга чейин өнүктүрүү планы сунушталды.
«Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш. Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр төмөнкү үстөктүү жеткиликтүү кредиттер менен камсыздалышы керек. Биз агрардык сектордун кластерлеринин динамикалык өнүгүүсүн, азык-түлүк коопсуздугун камсыздообуз зарыл», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Кеңешмеде финансы мекемесин капиталдаштыруу, чет жерде иштеген мекендештердин салымын тартуу боюнча банк продуктуларын ишке киргизүү маселелери талкууланды.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында «Айыл Банктын» уставдык капиталы бюджеттин эсебинен 2.5 млрд сомго көбөйтүлгөн болчу.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча банктын активдери 41 млрд сомдон ашуун сумманы түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 10 млрд сомго көп болуп саналат.