Улуттук банк: КРнын банк системасы бекем, кооптонууга негиз жок

Улуттук банк: КРнын банк системасы бекем, кооптонууга негиз жок

Улуттук банк КРгы банк системасы бекем жана туруктуу экенин белгилеп, банктардын кардарлары, аманатчылары жана башка кредиторлору үчүн кооптонууга эч кандай негиз жок экенин билдирет.

Улуттук банк учурдагы жагдайга туруктуу байкоо жүргүзүп, көзөмөлгө алып жаткандыгын, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансы жана төлөм системасынын туруктуу жана коопсуз иштешин андан ары камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөрүн белгиледи.

Улуттук банктын жетекчилиги тарабынан коммерциялык банктарга «24/7» режиминде банктардын аралыктан тейлөө системасы аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылууга көрсөтмө берилип, аралыкта орнотулган жабдуулардын: банкоматтардын жана терминалдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасы берилгенин жөнгө салуучунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда акыркы убакта Казакстанда жаралган кырдаалга байланыштуу КРгы эң ири «Оптима Банктын» туруктуулугу тууралуу такталбаган маалыматтар тарай баштаган болчу. Аталган финансылык мекеме бул күмөн жараткан пикирлерди толугу менен четке какты.

Улуттук банк өз кезегинде кардарларга бардык пайда болгон суроолор боюнча банктар менен түз байланышууну – веб-сайттар, колл-борборлор, социалдык тармактар ​​жана мессенджерлер аркылуу кайрылууну жана күмөн жараткан маалыматтарды УБнын, комбанктардын расмий сайтынан текшерүүнү сунуштайт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери