Улуттук банк бүгүн, 12-январда долларды сатуу боюнча 2022-жылдагы алгачкы интервенциясын жүргүздү. Көбөйгөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга дароо 70.1 млн доллар сатты.
2.5 млн доллар бүтүм түзүлгөн күнү сатылган, ал эми калган 67.6 млн долларды банктар кийинчерээк алышат. Ал бүтүмдөр интервенция күнүнөн башка датада түзүлгөн.
Белгилей кетсек, бүгүн valuta.kg порталынын маалыматы боюнча, Бишкекте америкалык валютанын орточо базардагы сатуу курсу 84.95 сомго чыкты.
Эскерте кетсек, Улуттук банк 2021-жылы 15 интервенция жүргүзгөн. Акыркы жолу өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн 27-декабрда коммерциялык банктарга 65 млн 950 миң доллар саткан болчу.
Ал эми Айсулуу Мамашова Economist.kg басылмасына берген маегинде бат-бат жана чоң суммадагы интервенциялар жаман көрсөткүч экенин жана бул банктын резервинен кетип жаткандыктан, бул акчаны кайра ордуна коюш керек экендигин айткан эле. «Ким бул акчаны алып жатат, кимге мынча доллар керек экен деген сыяктуу менде аябай чоң суроо жаралып жатат. Анткени экономикабыз анча чоң сумманы дароо керектебейт», – деген эле ал.
2021-жылы жасалган 15 интервенцияда УБ доллардын өсүшүн кармап туруу үчүн эл аралык резервдерден 698.95 млн доллар коротту.