Эми коомдук жолдордо автобустар жана жүк ташуучу унаалар акы төлөп жүрүшөт

Эми коомдук жолдордо автобустар жана жүк ташуучу унаалар акы төлөп жүрүшөт

Бийлик Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө катталган автобустар менен жүк ташуучу унаалардан жалпы пайдалануудагы жолдордон жүргөндүгү үчүн акы алууну көздөөдө. Министрлер кабинети 2021-жылдын 24-декабрындагы токтому менен алынуучу каражаттын өлчөмү жана аны алуу тартиби жөнүндөгү жобону бекитти.

2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө алынуучу акы жободо белгиленген каражаттын 30% өлчөмүндө, ал эми бул мөөнөт бүткөндөн кийин – толугу менен алынат.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланган токтом долбооруна ылайык, автобустардан километрине 0.12 сомдон 0.23 сомго чейин, жүк ташуучу унаалардан массасына жараша 1.16 сомдон 8.29 сомго чейин алуу сунушталган.

Транспорт министрлигине 2023-жылдын 1-январына чейин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда акыларды электрондук түрдө алуу боюнча, маалыматтык системанын операторун тандоо боюнча тендерди жыйынтыктоо жана бул маалыматтык системаны ишке киргизүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Бул токтом долбоору 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
Кыргызстандыктар көбүрөөк экзотикалык өлкөлөргө кетип, фрилансер болуп иштеп башташты — Head Hunter 1 февраля 2023 г.    10:04
Технология тармагындагы айымдардын башын бириктирген Techno Women Kyrgyzstan 2023 иш чарасы өттү 1 февраля 2023 г.    9:48
Комбанктардын депозиттик портфели өткөн жылы дээрлик 340 млрд сомго жетти 1 февраля 2023 г.    9:24
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жетти, ал эми MBANK тиркемеси 3 миллион жолу жүктөлдү! 31 января 2023 г.    19:44
Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт 31 января 2023 г.    18:00
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери