Бизнести колдоо максатында ишкерлерди тейлөө борбору түзүлдү

Бизнести колдоо максатында ишкерлерди тейлөө борбору түзүлдү

Ишкерлик ишти колдоо жана өнүктүрүү максатында Бишкек шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору (ИТБ) түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады.

ИТБ мамлекеттик органдардын, КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана насыя-финансылык мекемелердин ишкерлик жүргүзүүчү субъекттер менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка формаларын ишке ашыруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн бирдиктүү аянтча болуп саналат.

ИТБнын негизги максаттары – салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу жана ишкерлер менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана насыя-финансылык мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү болуп эсептелет деп билдирди Бажы кызматы.

ИТБнын милдети салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, лицензиялык-уруксат документтерди берүү, ишкерлерди окутуу аркылуу компетенцияларды жана көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле коррупциялык механизмдерди жоюу бөлүгүндө мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана насыя-финансылык мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана башка кызматтарды алууда ишкерлерди (жеке жана юридикалык жактарга) сапаттуу жана өз убагында тейлөө болуп саналат.  

Борбор мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана насыя-финансылык мекемелердин документтерди кабыл алуу жана берүү үчүн адистештирилген терезелерин жайгаштыруу менен иштейт. 

Мамлекеттик бажы кызматы ИТБда төмөнкү кызматтарды көрсөтүүгө арыздарды берүүгө мүмкүнчүлүк берет:

  • Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечим боюнча
  • салык органына көрсөтүү үчүн бажы төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалым кат боюнча
  • Бажы иши чөйрөсүндөгү реестр боюнча (убактылуу сактоо кампасы, бажы кампасы, алымсыз соода дүкөнү, эркин кампа, бажы ташуучусу, бажы өкүлү)
  • Интеллектуалдык менчик объекттердин бажы реестри боюнча.

Берилген маалыматка ылайык, ИТБда бажылык башкарууга байланыштуу суроолор боюнча ишкерлерге кеңеш берген бажы кызматынын квалификациялуу кызматкерлери иштейт.

ИТБ Бишкек ш., Ибраимов көч., 152 (мурдагы «Эльдорадо» ББ имараты) дареги боюнча жайгашкан.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери