Биз базардагы ар бир соодагер менен сүйлөшүүгө жана жөнөкөй мисалдардын негизинде түшүндүрүүгө даярбыз. Контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн максаты туура эмес чечмеленүүдө. Мындай оюн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Дордой» соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, эсеп бардык жерде болушу керек, бул контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды киргизүүдөн арылууга жардам берет.
«Биз өлкө ичинде жана анын аймагынан тышкаркы товарларды эсепке алуу жана анын кыймылы тутумуна ээ болуу үчүн фискалдаштырууну жана санариптештирүүнү киргизүүдөбүз. Бул биздин жеке каалообуз эмес, бул рыноктун жана замандын талабы. Биз диалогго даярбыз, сиздер үчүн да, биз үчүн да ыңгайлуу алгоритмге келели», – деди ал.
Министрлер Кабинетинин башчысы маалыматтык-түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, ККМди киргизүүнүн максаты туура эмес чечмеленип жатканын белгиледи.
Ишкерлер болсо ККМди киргизүүдө чекене жана дүң соода сегментин, ошондой эле сатылуучу товардын өзгөчөлүгүнөн келип чыгып, алынуучу маржаны эске алуу зарыл экендигин билдиришкен.
Жыйынтыгында тараптар мамлекеттик Салык, Бажы кызматынын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле «Дордой» соода-рынок комплексинин ишкерлеринен турган жумушчу топту түзүү зарылдыгы тууралуу пикирге келишип, алар чакан бизнес үчүн ККМди киргизүүнүн жеке шарттарын биргелешип иштеп чыгышат.