Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөгө келтирилген экономикалык зыянды 2-3 млрд доллар деп баалаганын Informburo басылмасы жазып чыкты.
Токаевдин айтымында, Казакстанга каршы террордук чабуулга негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Ооганстандан келген чет элдик согушкерлер катышкан.
«Жакынкы Чыгыштан да согушкерлер келген. Алардын бийликти басып алуу менен биздин аймакта башаламандыкты жасоо идеясы болгон. Ошондуктан Казакстанда антитеррордук операция башталды»,– деди ал.
Касым-Жомарт Токаевдин билдиргенине караганда, баш аламандык учурунда 1300дөй ишкана жабыркап, 100дөн ашуун соода борборлору менен банктарга кол салуу болуп, 500дөй полиция унаасы өрттөлгөн.