«Кумтөр» иши боюнча камактагы Жоомарт Оторбаевге 300 миң сом айып салынды

«Кумтөр» иши боюнча камактагы Жоомарт Оторбаевге 300 миң сом айып салынды

Биринчи май райондук соту «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевге 300 миң сом айып салды. Өкүм 2021-жылдын 30-декабрында чыкканын соттун басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Райондук сот Жоомарт Оторбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Учурда мекемелер аралык тергөө тобу Жоомарт Оторбаевдин мындан аркы баш коргоо чарасын карап жатат. Алар эки күндүн ичинде Биринчи май райондук сотуна чечимди бериши керек.

Жоомарт Оторбаев 2021-жылдын 16-сентябрында УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага «Кумтөр Голд Компанинин» кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга уруксат берген» деген айып коюлган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери