Кореялык SEEDON компаниясы КРнын айыл чарбасындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралу кечээ, 10-январда КРнын Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова SEEDON компаниясынын президенти Сон Хён Юль мырза баштаган кореялык делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болгон.
Элчиликтин билдиргенине караганда эки тарап Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы айыл чарба долбоорлорун талкуулашып, Кыргызстанда жашылча үрөнүн өстүрүү жана анын потенциалын жогорулатуу боюнча пикир алмашышкан.
Белгилей кетсек, аталган компания Кыргызстан менен 2012-жылдан бери кызматташып, пияз өстүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып келет.
SEEDON компаниясынын 8 өлкөдө кеңселери бар. Учурда ал КРнын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы расмий жардам долбоорлорун илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирип жатканын элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.