Казакстандагыдай баш аламандыктар Кыргызстанга караганда Өзбекстан менен Тажикстанда көбүрөөк болуу ыктымалдыгы бар. Казакстандагы кризис Кыргызстанда саясий туруксуздуктун күчөшүнө алып келбейт. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрү институтунун Казакстан жана Борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин билдиргенин REGNUM маалымат агенттиги жазды.
Эксперттин айтымында, учурда президент Садыр Жапаров өз ордунда бир топ эле бекем отурат. «Анын бийлигин солкулдаткан азырынча эч нерсе жок. Баары жайында. Ал эми кээде социалдык нааразычылыктар болуп турат. Бул жагынан алганда Кыргызстан аймактагы эң коопсуз мамлекет», – дейт Грозин.
Ал Казакстандагыдай башаламандыктар Кыргызстанга караганда Өзбекстан менен Тажикстанда көбүрөөк болуу ыктымалдыгын айтат.