Казакстан аркылуу жүк ташуунун көлөмү токтогон жок, бирок кыскарды

Казакстан аркылуу жүк ташуунун көлөмү токтогон жок, бирок кыскарды

Казакстан аркылуу жүк ташуунун көлөмү токтогон жок, бирок кыскарганы байкалууда. Мындай пикирин Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев «Азатыкка» билдирди.

Анын айтымында, жүк ташуучу унаалар үчүн учурда үч өткөрмө бекет иштеп жатат, ал эми башка бекеттер адамдар чыгып кетпесин деген негизде казак тараптан жабылган. Ошондой эле Шабданалиев Казакстан аркылуу каттап жаткан унааларга айрым казак жарандары тийишип жатканын же май куйуучу бекеттеринде мунай жок болуп калган учурлар бар экенин билдирди.

Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Россия Казакстан менен чек арасындагы өткөрмө жайларды жаап койгондуктан, Челябинск, Урал шаарларында Кыргызстандын транзиттик жүк ташуучулары бери карап кыйынчылык менен өтүп жатканын, жүк ташуунун көлөмү токтобогонун бирок ошол эле кезде бир аз кыскарганы байкалганын айтат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери