Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык келе жатышат. Алар учурда кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекетинен өтүшүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов эвакуациялангандар автобус менен Бишкекке жеткирилерин билдирген эле.
Башкы консул Алматыда кармалган төрт кыргызстандык жаран 11-январда бошотуларын маалымдаган эле. Алардын саламаттыгы жайында экенин, тек-жайы такталганын билдирген. Ага ылайык, казак бийлиги тополоңдорго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы А.Хуров, 1987-жылкы И.Мачо жана 2001-жылкы А.Жиншанлону камаганы белгилүү болгон.
Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол эле күнү Бишкекке кайтып келген.
КРнын Тышкы иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Кыргызстандын жараны Б.Төрөгелдиев Шымкент шаарынын укук коргоо органдары тарабынан сурак учурунда катуу сабалып, абалы оор, медициналык жардам көрсөтүлбөй жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын кошумчалады. ТИМдин кызматкерлери Төрөгелдиев менен байланышып турушат, үйүндө аман-эсен, ден соолугу чың деп билдиришти ведомстводон.
Ошондой эле министрликтин берген маалыматына ылайык, казак-кыргыз чек арасына коюлган чектөөлөрдөн улам баш аламандык учурунда каза болгон КР жараны А.Мусаевдин апасы – КРнын жараны С.Иманходжаеванын Казакстанга кирүүгө уруксат алуу маселеси каралууда.