АКШ январь айында КРга 150 миң доза Pfizer вакцинасын берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Нолэн Джонсон маалымат жыйынында билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, аны жардам катары АКШ элчилиги берет. Эскерте кетсек, буга чейин 10-декабрда АКШ экинчи жолу КРга COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын тапшырган. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген болчу.
Пандемия башталгандан бери, АКШ КРга COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.