2022-жылы Салык кызматы 150 млрд сом, Бажы кызматы 100 млрд сом салык чогултушу керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кеңешме учурунда билдиргенин кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.
Акылбек Жапаров МСКнын алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлганын белгиледи.
«Үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 млрд сомго жакын салык жыйноо, ал эми Бажы кызматынын алдына 100 млрд сомго жакын план коюлган», – деди Министрлер кабинетинин башчысы.
Кеңешменини жүрүшүндө МСК өкүлдөрү 2022-жылга карата иш планы тууралуу, анын ичинде виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акцизди киргизүү, санариптик продукцияны киргизүү аркылуу салыктык башкарууну күчөтүү, ККМ жана КНСти көзөмөлдөө боюнча аналитикалык тутумду ишке киргизүү тууралуу маалымат беришти.
Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Жапаров МСКнын алдына коюлган милдеттер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, кабыл алынган жаңы Салык кодексине ылайык, Салык органдарына башка нерселер менен катар имараттарды жана автоунааларды тинтүүгө, телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу, ошондой эле абоненттердин ортосундагы байланыштар жөнүндө маалыматтарды алууга уруксат берилет жана жыйналган салыктын 3%ы Салык кызматына калат.