ЖККУнун кезексиз сессиясы видеоконференция форматында өттү

ЖККУнун кезексиз сессиясы видеоконференция форматында өттү

Бүгүн, 10-январда, Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйыны видеоконференция режиминде өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Өзү эмгек өргүүсүнө кеткен президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган иш-чарага катышты.

Армения Республикасынын төрагалыгы астында өткөн сессияда «Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе талкууланды.

Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась катышты.

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери Казакстанда курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан кырдаалдын тезирээк жөнгө салынышына жана Казакстанда тынчтык менен тартиптин орношуна чын дилден кызыкдар экенин баса белгиледи. КР ар дайым туруктуулукту, социалдык-экономикалык өнүгүүнү, мамлекеттүүлүктү чыңдоону жана Казакстандын гүлдөп өсүшүн жактай тургандыгын билдирди.

Ошондой эле Жапаров кармалган ар бир чет элдик жаран, анын ичинде Кыргызстандын жарандары боюнча да Казакстан мыйзамдарынын, эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын алкагында ачык, адилеттүү иликтөө болооруна ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы тополоңдорго тиешеси бар деген айып менен кармалган кыргыз жарандарына байланыштуу расмий Нур-Султанга нота жолдоду. Ошондой эле Чымкент шаарында 38 кыргызстандык кармалып кайра кое берилгенин билдирди. Мунун алдында Кыргызстандын Акыйкатчы институту Чымкент полициясына сурак берип чыккан кыргыз жараны Баялы Төрөгелдиевдин абалы оор экенин кабарлаган болчу.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери