УКМК: Казакстанда жөн эле көчөгө чыккан кыргызстандыктар камакка алынышы мүмкүн

УКМК: Казакстанда жөн эле көчөгө чыккан кыргызстандыктар камакка алынышы мүмкүн

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Казакстандагы кыргызстандыктардын кармалышы боюнча билдирүү жасады.

УКМК соода жана тейлөө тармагында иштеген КРнын жарандары жөн эле көчөдө жүргөн жеринен кармалып калышы мүмкүн экендигин билдирди.

«КРнын жарандарынын казакстандык укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан камакка алынган жана башка аракеттерине дуушар болгон Казакстандагы КРнын жарандарына карата казак компетенттүү органдары объективдүүлүктү камсыз кылат деп ишенебиз», – деп билдирди УКМК.


Атайын кызматтар байланышта

УКМК ошондой эле учурда Кыргызстан менен Казакстандын компетенттүү структураларынын ортосунда аймактык коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого багытталган зарыл болгон эки тараптуу байланыштар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Ведомство мурдагыдай эле учурдагы кырдаалды эске алып, казак тарап менен өз ара аракеттенүү уланып жатканын белгиледи.

«Эки тараптуу каналдар аркылуу Казакстандын компетенттүү түзүмдөрүнө Кыргызстандын жарандарынын Казакстандагы массалык башаламандыктарга жана талап-тоноолорго эч кандай тиешеси жок жана болушу мүмкүн эместиги тууралуу маалымат берилди», – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери