ТИМ Алматыдан 14 кыргызстандыкты алып келди, Нур-Султандан 15 жаранды алып келүү пландалууда

ТИМ Алматыдан 14 кыргызстандыкты алып келди, Нур-Султандан 15 жаранды алып келүү  пландалууда

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Алматы облусундагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте кечээ, 9-январда 14 кыргызстандыкты, анын ичинде аялдар менен балдарды атайын уюштурулган транспорт менен мекенине алып келишти. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Нур-Султан шаарынан 15 кыргыз жараны дагы КРга темир жол менен кайтып келүүгө камынып жатканын, кезектеги каттам токтотулгандыктан, аларды учак менен жөнөтүү мүмкүн болбой жатканын министрликтен билдиришти.

ТИМ коңшу өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу Казакстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоо иштери уланып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле ТИМ музыкант Рузахуновдун Алматыда кармалышына байланыштуу Казакстанга нота жолдоду. ТИМге чакырылган Казакстандын Кыргызстандагы элчисине Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылуу жана аны жакынкы арада бошотуу талабы коюлган. Элчи Казакстандын тышкы иштер министрлигине билдирүүнү тез арада жеткирип, кеңири маалымат берүүнү убада кылган.

Эскерте кетсек, 9-январда Казакстандын ЖМКда митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келген, белгисиз кишилер учакка билет алып берип, митингге катышуу үчүн 200 доллар сунуштаганын айткан адамдын видеосу тараган. Кийинчерээк ал кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон эле. Рузахунов концертке катышуу үчүн Алматыга чакырылып, 16-декабрда билет алып, 2-январда учуп кеткен. Учурда жергиликтүү социалдык түйүндөрдө музыкантты бошотуу боюнча талаптар коюлуп, бул жалган жалаа деп айтышууда.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери