Сүттүн кымбатташы сезондук факторго байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын директорунун орун басары Ильяз Ташбаев «Биринчи Радиого» билдирди.
Анын айтымында, Монополияга каршы орган тарабынан сүт өндүргөн ишканалардын өкүлдөрү чакырылып, сүт базарына талдоо жүргүзүлүп, бааны көтөрбөө боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Ал эми учурдагы сүт азыгынын кымбатташы – бул мезгилге байланыштуу.
«Сүттүн баасынын көтөрүлгөнү – бул мезгилдик фактор. Күз-кыш мезгилинде көтөрүлөт, ал эми жаз-жай айларында кайрадан турукташат», – деди ал.
Ошондой эле Ташбаев өлкөдө социалдык мааниге ээ азыктардын 1.5 айга жеткидей запасы бар экенин, Казакстандагы окуяларга байланыштуу чек ара жабылса да баалардын кескин көтөрүлбөй турганын билдирди.