Кыргызстанда товарларды шашылыш сатып алуу көрүнүшү байкалган жок. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаковдун «Глобус», «Фрунзе», «Народный», «Яр-Марка» соода түйүндөрүнө жана Орто-Сай базарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында белгилүү болду.
Мониторинг көрсөткөндөй, социалдык маанилүү товарлардын баасы мурдагы бойдон эле турат. Соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнүн айтымында, товардын запасы жетиштүү.
Ошондой эле Тайлаков монополияга каршы орган өз компетенциясынын чегинде социалдык мааниге ээ товарлар рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык зарыл чараларды көрөөрүн билдирди.