Казакстандагы башаламандыктан улам төрт казак миллиардеринин байлыгы 3 млрд долларга кыскарды

Казакстандагы башаламандыктан улам төрт казак миллиардеринин байлыгы 3 млрд долларга кыскарды

Америкалык Forbes журналы казакстандык төрт миллиардердин байлыгы өлкөдөгү массалык баш-аламандыктардан улам 3 млрд долларга кыскарганын билдирди.

4-январдан бери Kaspi.kz финтех-компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Вячеслав Кимдин байлыгы компаниянын акцияларынын 30%га төмөндөшүнөн улам 1.4 млрд долларга (4.2 млрд долларга чейин) азайды.

Ошол эле Kaspi.kz сайтынын башкы директору Михаил Ломтадзенин байлыгы да 1.4 млрд долларга (3.8 млрд долларга чейин) кыскарган.

Динара Кулибаева (Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы) менен анын күйөөсү Тимур Кулибаевдин байлыгы 200 млн долларга (ар бири 3 млрд долларга чейин) азайган. Алар ээлик кылган «Халык Банктын» акциясынын баасы 16%га арзандаганы (Казакстандагы эң ири банк) белгилүү болду.

Казакстанда 2-январда массалык нааразылык акциялары башталып, көп узабай ал массалык башаламандыкка чейин жеткен. Учурда өлкөдөгү бизнеске 200 млн доллардан ашык суммадагы зыян келтирилгени жана анын дээрлик бардыгы Алма-Ата шаарына туура келгени айтылууда.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери