Санариптик өнүктүрүү министрлиги майрамдык каникулдан кийин республика боюнча калкты тейлөө борборлору адаттагыдай иштеп баштагандыгы тууралуу билдирет.
Бардык КТБлар иштөө графигине ылайык, саат 9:00дөн кечки 18:00гө чейин иштейт.
Министрлик КТБнын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн анализге ылайык, узак дем алуу күндөрдөн кийин, адатта, тигил же бул каттоо кызматы үчүн кайрылган жарандардын саны көбөйүшү байкалгандыгына байланыштуу, кайрылуучуларды документтердин колдонуудагы мөөнөттөрүнө ылайык, КТБга баруусун суранат.