Жогорку Кеңеш Казакстанга аскер жиберүүгө макулдугун берди

Жогорку Кеңеш Казакстанга аскер жиберүүгө макулдугун берди

Бүгүн, 7-январда Казакстандагы митингге байланыштуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстан Казакстанга аскер жөнөтүүгө макул болду.

Бул маселе боюнча парламенттик жыйын алгач ачык режимде өтүп жаткан, бирок кийинчерээк депутаттар жыйынды жабык өткөрүүгө макулдугун беришти. Кайра добуш берүүнүн жыйынтыгында, эл өкүлдөрүнүн 69 макул, жетөө каршы болду.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жыйын бүткөн соң журналисттерге: «Президентибиздин сунушу каралды. Казакстан мамлекетине ЖККУнун чечимине ылайык, биздин аскерлерди жөнөтүү боюнча Жогорку Кеңеш макулдугун берди. Аскерлердин жөнөп кетишин, убактысын, шартын эми карап чыгабыз», – деди ал.

Жыйындын башында Камчыбек Ташиев Кыргызстан Казакстанга 150 адам, 8 брондолгон техника жана 11 машина жөнөтө турганын билдирген эле.

6-январда казак президенти Касым-Жомарт Токаев 2-январдан бери уланып жаткан митингдерге байланыштуу ЖККУдан жардам сураган. Буга чейин Россия, Армения, Беларус, Тажикстан өзүнүн тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөткөнү тууралуу маалымат бар.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров 26 января 2023 г.    13:24
ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды 26 января 2023 г.    12:00
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери