Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сегиз брондолгон техника, 11 машине барарын билдирди.
Учурда Жогорку Кеңеште Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу жыйында ЖККУнун аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселеси каралууда.
Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүү чечими ЖКнын депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес же 60 эл өкүлүнүн добушу менен кабыл алынат.
6-январда казак президенти Касым-Жомарт Токаев 2-январдан бери уланып жаткан митингдерге байланыштуу ЖККУдан жардам сураган. Буга чейин Россия, Армения, Беларус, Тажикстан өзүнүн тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөткөнү тууралуу маалымат бар.
Ал эми уюмга мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын аскерлери Казакстанга бара элек. ЖК бул маселени 6-январда депутаттар толук чогулбай калгандыгына байланыштуу караган эмес.
Активисттер жана бир топ саясатчылар кыргыз аскерлеринин Казакстандагы толкундоолорду басууга барбоого чакырышууда. Ал эми президент Садыр Жапаров болсо кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүгө үндөп жана алар казак калкына ок атпай тургандыгын билдирген.