Казакстан КР менен чектешкен 4 өткөрмө бекетти убактылуу жапты

Казакстан КР менен чектешкен 4 өткөрмө бекетти убактылуу жапты

Казакстан КР менен чектешкен жердеги «Кең-Булуң», «Токмок» жана «Ак-Жол», «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттерин бир тараптуу жапты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 7-январда билдирди.

Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнтөн тарта аталган пункттардан адамдардын жана автоунаалардын өтүүсү убактылуу токтотулат.

«Учурда 7 өткөрмө бекеттеринин төртөө жабык. Азыр пиар менен алектене турган мезгил эмес, бардык чек аралар жабылып калса Кыргызстанга товарлар, анын ичинде ун да келбей калат. Буга депутаттар жооп береби же унду өздөрү алып келеби? Жоопкерчиликти өз мойнуңарга алышыңар керек»,– деди Ташиев депутаттарга Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүүгө макулдук берүүгө чакырып жатып.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-январда Казакстандагы митингге байланыштуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстан Казакстанга аскер жөнөтүүгө депутаттар макулдугун беришти.

Эскерте кетсек, Кыргызстан буга чейин казак жарандарынан чек арадан өтүүдө ПЧР тест талап кылбай турганын кабарлаган болчу.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери